Суусамырдагы тажрыйбалуу мал доктур Сагынбек Мейманкулов, өрөөндөгү малдын саламаттыгы, өз ишмердиги туурасында айтып берди. Ал Кыргыз Мамлекеттик Агрардык Университетин аяктаган. 12 жылдан бери өз кесибин сүйүп иштейт. 2017-жылы кичи мекени Суусамырга келип жеке ветеринардык адистик кызматты аркалай баштаган.
Ал малдын түрлөрүнө операция жасап, бодо малды жасалма уруктандыруу менен да алектенет. Анын практикасында бул жыл эсебинен 4-5 бодо малга мал төлдөө учурунда операция жасап, музоосун же энесин аман алып калган учурлар болгон.
Ал өз сөзүндө Суусамырда малдын саламаттыгы жакшы экендигин айтып, бирок 5 жашка чейинки жылкылар дем алуу органдарын начарлатуучу, өтө жугуштуу сакоо ылаңы менен оорушарын жана анын клиникалык белгилери тууралуу айтты.
Малы ооруган тургундар ага түн ортосунда деле чалып чакыртышат. Муну ал өзүнүн милдети деп эсептейт.
Даярдаган: Элизат Санжырбек кызы