Зоя Молдакунова китепкана тармагында 36 жыл жетекчилик кызматта иштеген. Орто мектепти аяктагандан кийин В.В.Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер институтунун филология факультетинин библиография бөлүмүнө тапшырган. Китеп дүйнөсүнө бала чагынан кызыккан студент кыз бөлүмдө сыймыктануу менен, алдыңкылардан болуп окуп, 1977-жылы “Китепканачы жана библиограф” адистигине ээ болгон. Дипломду колго алган жаш адис алгачкы эмгек жолун баштоо үчүн туулган жерине кайтып келген.
1978-жылы 24 жашында райондун жетекчилери жогорку билимдүү адис катары ишеним артып, райондук китепканага жетекчи кылып дайындашты. Зоя Молдакунованын айтымында жаш, жаңы жетекчинин алдында жаңы иш тажрыйбаларды жайылтуу боюнча райондук, облустук, республикалык семинар-кеңешмелерди уюштуруп, мыкты иштердин үлгүсүн көрсөтүү милдети турду.
«Китепканалардын ишин өнүктүрүү максатында “Айылдык китепкана жаңы багыттар жана мүмкүнчүлүктөр” аттуу республикалык денгээлде семинар өтүп, бул тармактын өлкөнүн өнүгүшүндөгү салымын, келечек муун үчүн маанилүү экендигин айгинеледим. Өмүрүм китептер арасында өттү. Кичинемде эле китеп окуганды жакшы көрчү элем. Окууга тапшырганда кийин мугалим болсонор дагы болот деп айтышты. Бирок мен китепканачы болом деген оюман кайткан жокмун»,- дейт.
Китепкана тармагындагы көп жылдык жемиштүү эмгеги бааланып,бир катар сыйлыктардын ээси болгон Зоя Молдакунова учурда адактуу эс алууда. Ошого карабастан маданият үйүндөгү иш-чараларга дайыма катышып, акыл-насаатын айтып, жаш муундарды китеп окууга, китепти сүйүүгө үндөп келет.
Барчын Мамытбекова