Медиасабаттуулук – маалыматты анализдеп, ага сын көз караш менен баа бере турган жөндөм. Медиа сабатсыздыктын айынан жалган маалыматтын курмандыгы болуп калган адамдар дагы аз эмес.
Суусамыр айыл аймагынын тургуну Нурзат Райымбекова медиасабаттуулук тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты;

Нурзат Райымбекова медиасабаттуулук боюнча тренинг учурунда
«Медиасабаттуулук – маалыматты анализдеп, ага сын көз караш менен баа бере турган жөндөм.
Суусамыр айылынын тургундары медиасабаттуулукту жакшы түшүнүшөт, бирок албетте баардыгы эмес. Медиа сабаттуулук жөнүндө маалымат берүү максатында Айзада Калканбекова жана мен, Суусамыр айыл аймагынын маданият үйүнө, айыл тургундарына чакан жолугушуу өткөргөнбүз. Жолугушууга келип катышкан айыл тургундары жакшы ой пикирлерин калтырышкан.
Бирок дагы деле вакцинация боюнча жалган маалыматтар фейктер тарабынан таралып жатышы өкүндүрөт. Мисалы, эмдөөдөн кийин натыйжасы туура эмес жыйынтык берди, алган адам өлүмгө дуушар болду деген ойлорду таратышты. Маалыматтарды жалган экендигин вакцинация кайсы жерде кандай жол менен алынгандыгын тактап билүү керек. Фейк маалыматтын курмандыгы болуп калбаш үчүн тарап жаткан жаңылыкты башка булактардан да карап, бир нече жолу тактап билип андан кийин жалган, чындык экендигин баалап билүү керек.
Суусамыр элине кеңешим азыркы учурда соц тармактар аркылуу келип жаткан жаңылыктарды сынчыл ой жүгүртүү менен кабыл алып,толук ишенүүгө мүмкүнбү баалоо керек. Маалымат аң-сезимге түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан, ар бир адам медиасабаттуулугун өрчүтүүсү манилүү».
Суусамыр айыл аймагынын тургуну, студент Элдияр Жаркынбеков:

Суусамыр айыл аймагынын тургуну, студент Элдияр Жаркынбеков
«Азыркы учурда абал турукташканы менен, арабызда COVID-19 вирусуна чалдыккандар бар. Бул оорудан сактануу үчүн өздүк гигиенаны сактоого аракет кылам. Интернет айдыңында вакцина тууралуу ар кандай маалыматтар чыгып жатат. Ооруну вакцина аркылуу таратып жатышат, бир канча айдан кийин вакцина алган адам таажы илдети менен ооруйт, деген маалыматтар арбын келип жаткан учур. Албетте, такталбаган маалымат болсо да ата-энем, бир туугандарым, вакцина алуудан кооптонуп баш тартышат. Мен ишеничтүү дарыгерлердин кеңешин жана вакцина тууралуу туура маалымат алып эгерде пайдасы болсо, вакцина алууга ниет койгом».
Суусамыр айыл аймагынын тургуну Гулжамал Сыдыкова интернет айдынында фейк маалыматтын курмандыгы болуп калгандыгын айтат:

Суусамыр айыл аймагынын тургуну Гулжамал Сыдыкова
«Мен интернет булактардан келген жалган маалыматтардын курмандыгына кабылган күндөр болгон. Ошондуктан, азыркы учурда интернеттен маалыматты ишеничтүү булактардан окуганга аракет кылам. Учурда вакцинация боюнча тарап жаткан жалган маалыматтарга ишенген деле жокмун. Суусамыр айылынын тургундарына вакцина алынып келинсе алам деп ойлоп жатам».
Айдана Токтобекова