Дүйнө боюнча Ковид-19 илдети желдей тарап жердин бетин каптады. Бул вирус Кыргызстанды дагы кур калтырган жок. 2020 жылдын март айларынан баштап жер-жерлерге тарап, жергиликтүү тургундар жабыр тартып келишүүдө.
Мектептер жабылып окуучулар онлайн окууганга да үйрөнүштү. Социалдык мекемелер аралыкта иш жүргүзүп калышкан. Булардын арасында маданият кызматкерлери да алдыга койгон иш пландарын өзгөртүп аралыктан иш алып барууга өтүшкөн.
Шаар жерлерине караганда элет жеринде түйшүк көбүрөөк болгондуктан айылдыктар вируска анчейин деле маани беришкен жок. Маданият кызматкерлеринин айтымында бардык иш чаралар онлайн түрүндө өткөрүлсүн дегени менен кээ бир иш чаралар офлайн эле өткөрүлгөнүн билдиришти.

Афган согушунун ардагерлерин менен өткөрүлгөн иш чара
Барскоон айыл аймагынын Барскоон маданият үйүнүн жетекчиси Аманкан Мамбетованын айтымында, пандемия күч алган учурда кээ бир иш- чараларды аралыктан өткөрүүгө туура келди. Ал иш- чарага катышуучулардын үйлөрүнө барып белектерин тапшырып жаттык.


Пандемия учурундагы маданияттык иш чаралардын офлайн өткөрүү учуру
Адамга ден-соолук биринчи байлык болгондуктан облустук деңгээлде таяк тартыш жана кол күрөш оюндарын да маданият үйүндө өткөрүүгө туура келди.



Пандемия учурунда иш чаралар онлайн өткөрүлгөн иш чаралар
Пандемия учурунда жергиликтүү тургундардын көңүлдөрүн көтөрүп, аз да болсо эс алып туруусуна да шарттарды түзгөнгө аракет кылынды,- дейт Аманкан Мамбетова.

Нооруз майрамында жергиликтүү тургундарга арналган иш чара

«Шайыр апалар» элдин маанайын көтөрүү учурунда
Элдин колдоосу менен айылдагы ооруканага тез жардам унаасын алып берүү үчүн марафон уюштурулуп, оюн зоок менен коштолду.


Марафон өткөрүү учурундагы иш чаралар
Вирустун кесепетинен көп иш- чаралар өткөрүлбөй калгандыгына байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды унутта калтырбай, кеч болсо да өз белектерин тапшырып оюн- зоок уюштуруу менен көңүлдөрү көтөрүлдү.



Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар да унутта калбай белектерин алышты
Гүлкайыр Осмоналиева