Быйылкы жылы мектептердеги окуу кадимкидей эле мектеп партасында отуруп окуй турган болду. Ар бир мектеп бүгүнкү күндө окуучулардын мектептен билим алуусуна 90 пайыз даяр экендиги айтылууда. Билим берүү жана илим министирлигинин чечими менен быйылкы окуу жылы 15-сентябрда башталганы турат.
COVID-19 балдарды аралыктан окууга өтө мажбурлап, бул балдарга, ата-энелерге жана мугалимдерге кыйынчылыктарды жаратты. Былтыркы окуу жылы окуучулар жана мугалимдер үчүн чоң сыноо болду. Барскоон айылынын Эшманбет Кендирбаев жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими Мая Жакшыбекова, онлайн окуу учурунда балдар менен тикеме-тике байланыш жок болгону биз үчүн оор болгонун айтат.
Мая Жакшыбекова- мугалим
«Мындай кырдаалга биз биринчи жолу туш болуп жатабыз. Ошондуктан мугалимдерге дагы окуучуларга дагы оор кырдаал, тоскоолдуктар көп эле болуп жатты. Биринчи эле кырдаал бардыгында эле телефондун жоктугу, бардыгы тең бир учурда сабакка катыша албагандыгы. Баары бир мектептегидей офлайн өткөндөгүдөй билим сапат эч качан болбойт экен. Буга болсо билим сапатынын акыркы чейректердеги жыйынтыктары көргөзүп жатты. Тикеме-тике, бетме-бет гана өткөн офлайн форма жакшы жыйынтыкты бере алат деп ойлойбуз».
Жакшылык Тойгонбаев Барскоон айылынын тургуну. Ал аралыктан билим алуу ата-энелер жана балдар үчүн оор болгонун билдирди. Балдар менен чогуу отуруп сабак окубасаң, алар телефонду кармап алып оюун ойноп отура беришет экен дейт. Мындан тышкары, аралыктан окутуу учурунда окуучулар толук кандуу билим ала алышпай калганын кошумчалады.
Жакшылык Тойгонбаев- Барскоон айылынын тургуну
«Онлайн учурунда балдардын билим деңгээли абдан эле төмөн түшүп кетти. Себеби, сабакка барбай үйдөн даярдануу терс таасирин берет экен. Үйдө отурган болсо кечке эле телефон чукуп эле, сабак окуп атам деп эле оюнга кирип кетет экен. Ошону менен балдардын билим деңгээли түшүп калат экен ылдый. Окууга көңүлү жок айла жок ата-энелер чогуу окуп калат экенбиз. Окууга барып келип эле, мурун биз кандай билим алсак ошондой эле билим алганды каалайт элем. Онлайн деген нерсе бизге болбойт экен. Билим деңгээли жогорку деңгээлге чыкпайт экен».
Айгерим Догдурбекова 7- класстын окуучусу, аралыктан окуу учурунда классташтарын сагынгандыгын айтып, бирок ошол эле учурда онлайн билим алууда сабактарды жетиштүү деңгээлде түшүнө албай калып жаткандыгын билдирди. Мындан тышкары, сабак учурунда үй оокаттарын да жасоого туура келип, кээ бир учурларда кайтарым байланышка жетишпей калып жаткандыгын дагы кошумчалай кетти.
Айгерим Догдурбекова 7- класстын окуучусу
«Башкалар үчүн билбейм, бирок мен үчүн офлайн окуган оңой болду. Себеп дегенде онлайнда көп нерселерге жетишпей атабыз. Үйдөгү оокаттар болуп калат же сабакты жакшы түшүнө албай калып жаттым. Мектепте окуганда биз аны толуктап түшүнүп алчыбыз. Онлайн окуп калсак оору күчөп калса мен анда ойлойм бүт эле окуучуларга ыңгайсыздык болот го деп».
Келечекти алдыга коюуп умтулуу үчүн терең билим алуу зарыл. Ар бир окуучу билимге кайдыгер карабастан окууга умтулуу керек.
Гүлкайыр Осмоналиева