COVID-19 илдети көбөйүп башталгандан тарта айыл ичинде эле эмес мамлекеттик дагы маданий иш чараларга чектөөлөр киргизилди. Учурда айылдык маданият үйүндө чакан жолугушуулар, иш-чаралар өтүлүп жатат.
Суусамыр айыл аймагынын тургуну, маданият кызматкер Талант Асаналиев пандемияга байланыштуу даярдаган маданий иш чаралардын элге тартууланбай калгандыгын айтат:
“Вирустун күчөшү маданият эле тармагына эмес билим, экономика сыяктуу тармактарга терс таасирин тийгизди. Ноорузга, 9- майга арналган маданий иш чараларды пандемияга байланыштуу элге тартуулай албай жатабыз. Ал эми даярдалган маданий иш чараларды камерага тартып, онлайн форматта районго отчет катары жиберип жатабыз. COVID-19 илдети азайып, бул кырдаалдан чыксак айылда байма-бай маданий иш-чаралар болуп турат деген ойдомун.
Мындан тышкары, Суусамыр айылдык маданий үйүндө чакан жолугушуулар, иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Бул жолугушууларда жергиликтүү тургундар COVID-19 вирусуна каршы эрежелерди сактап жатышат».
Мындан тышкары пандемияга ылайык айылдар арасында мектеп ичиндеги маданий иш-чаралардын токтошу тууралуу айылдык тургундардын оюн уктук. Суусамыр айыл аймагынын тургуну Миргүл Чупоева айылдагы иш-чаралардын элге тийгизген таасири тууралуу өз оюн айтты:
«Азыркы маалда Элдер пандемиядан коркуп жана ушундай шаң-шөкөт, майрамдарга уруксат берилбегени үчүн иш-чаралар өтүлбөөдө. Адамдар карантин убагында буулугуп, үйдүн төрт бурчун карап отуруп калышты, тыюга карабай тургундар тойлорго барып өздөрүн алаксытышат. Ал эми окуучуларга мектептин ичинде чакан иш-чаралар уюштурулат. Бирок ал дагы кээде эле».
Иманжан Бегимкулов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Азима Нурбайсал кызы пандемия учурунда маданий иш-чараларга катышуу дагы коопту болуп калгандыгын айтат:
«Пандемия башталгандан тарта мектептеги иш-чаралар, салтанаттуу тизимдерге дагы чектөө коюлду. Пандемиянын эрежелерин сактап чакан иш-чараларга катышып жаттык. Мурда мектепте жаңы жыл, 8-март сыяктуу майрамдар уюштурулчу. COVID-19 илдети күчөгөндөн тарта, мындай иш-чараларга катышуу, уюштуруу дагы кооптуу болуп калды».
Мындан тышкары, Суусамыр айылында эки кабаттуу маданият үйүнүн курулушу башталып план боюнча 2022-жылы бүтүрүлүшү күтүлүп жаткан. Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Сейиткуловдун айтымында, маданият үйүнүн курулуш иштери 2019-жылы башталган. Бирок азыркы учурда пандемияга байланыштуу, республикалык бюджеттен акча каражат бөлүнбөгөндүктөн курулуш иштер токтоп турат.
Айдана Токтобекова