Пандемия жашоонун бардык тармактарына таасирин тийгизди. Анын ичинде маданият тармагы дагы бар. Аймактарда маданий иш-чаралар дээрлик чектелип, уюштурулса дагы чакан форматта өтүп жатты. Кадимки жашоодо маданий иш-чаралардын орду канчалык, мааниси эмнеде? Алдыда бул тууралуу сөз болот.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Исабек Токтогулов эл арасында уюштурулган маданий иш-чаралардын орду чоң экенин айтат. Анда кыргыздын баалуулугу, салттуулугу камтылган. Эл арасында ынтымакты бекемдөөгө ошондой эле тарбиялык мааниси терең:
“Маданияты болбой эл болбойт. Мындай иш-чаралар уюштурулбай калса ар ким өзүнүн күнүмдүк тиричилиги менен эле алек болуп эмне болуп жатканын дагы билбей калат. Пандемия учурунда өлкөнүн алыскы аймактарында жайгашкан район, шаарга алыс жашаган жарандарга тейлөө иштери дагы кыйынчылык жаратты. Ошондой эле карантинден улам маданий иш-чаралар токтоду. Ар ким өзү менен өзү болуп калды. Ал эми азыр болсо кудайга шүгүр, кайрадан акырындап мындай иш-чаралар уюштурулуп жандана баштады.”
Кыргыздын маданиятын жайылтууда аны элге тартуулоодо маданият кызматкерлеринин орду чоң экенин айткан Исабек Токтогулов аларга жакшы шарттарды түзүп, колдоо көргөзүү керек деп эсептейт. Элди туура багытка үндөөдө, жакшы жакка тартууда маданият кызматкерлерин ролу чоң:
“Азыркы өткөөл мезгилде бул элге өтө керек болуп турат. Эл эмне кылып алаксырын билбей социалдык медианы карашат. Ал жакта болсо жакшысы бар, жаманы бар дегендей, туура нерсе дагы айтылат, туура эмес дагы айтылат. Маданий иш-чаралар деген такыр башка. Анын ордун башка нерсе толуктай албайт.”
Аймактарда санитардык-эрежелерди сактоо менен айрым иш-чаралар чакан адамдар менен белгиленип, өтүлгөн программа онлайн түрдө социалдык медиа аркылуу таратылды. Айыл жаштары өздөрү үчүн чакан футбол оюндарын уюштуруп ойноп турушту. Ал эми кары адамдар үчүн бул өтө оор болгонун айтат Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жумгалбек Джубасов:
“Коронавирус илдети жок болгон мезгилде айыл тургундарына атайын план боюнча маданий иш- чараларды уюштурулчу. Мисалы 1- Май, Жеңиш майрамы, Нооруз. Майрамдарды бир айылдын жашоочулары башка айылдын тургундары менен учурашып турушчу. Өзгөчө аксакалдарыбыз баарлашып көңүлдөрү көтөрүлчү. COVID- 19 илдетине карата айыл элине оюн- зоок иш- чаралары өткөрүлгөн жок. Анткени, элибиздин ден- соолугуна кам көрүү максатында. Айылдарда өтүлүүчү маданий иш- чараларды СOVID- 19 терс таасирин тийгизүүдө».
Пандемия аймактардагы ишкерлерге кандай таасир этти?
Аймактарда эмдөө иштери кандай жүрүп жатат?
Айгерим Кубатбекова