11 — майда Талас облусу боюнча “Маданият фестивалы” болуп өттү. Бул фестивалда төрт миңге жакын балдар, мугалимдер, ата-энелер, агартуу жана маданият кызматкерлери катышышты. Фестивалда кол өнөрчулүк, сүрөт, оригами, бий, мастер — класстар болду жана таланттуу балдарды кабыл алышты.
“Мен Айжамал Акжолбекова ушул арт фестивалына өзүбүздун китеп дүкөнүбүздөгү китептерди алып чыктык. Негизи китептер балдарга ылайыкталган жомоктор мисалы: азия элинин, орустардын, кыргыз, өзбектердин жана ошондой эле ата-энелерге ылайыкталган.
“Мен жасап жаткан иштин аты “стринкарт” өнөрү: жип, доскага мык кагылып иштөөчү сүрөт. Стринкарт кол өнөрчүлүк стилине кирет. 9 — классыман бери кызыгып келем, ар кандай көргөзмөлөргө барам. Ал эми Чынгыз Айтматовдун 90 — жылдыгына карата уюштурулган конкурска активдүү катышып жана Марат Мураталиевдин ардак грамотасын алгам, — деп Момунбеков Ырыскелди бөлүштү.
“Болуп жаткан демилге жакшы өтүп жатат. Фестиваль окуучулардын катылып жаткан өнөрлөрүн ачыкка чыгарып, мастер — класс көрсөтүп жатышат. Жана Роза Отунбаевага да ыраазылыгыбызды билдиребиз,»- Мирзада Байдалиева өз оюн билдирип кетти.
Даярдаган: Жаңыл Жусупбекова, Айганыш Кызалакова