Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында малдарды дарылоо жана идентификациялоо жүрүп жатат.
Бул тууралуу Кара-Чий мультимедиа борборуна Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ветеринары Нааматбек Тентиев билдирди.
Маалыматка караганда, эгер уйлардын кулагында индентификациялык номери жок болсо малдын ээсине сатууга справка берилбейт жана сата албайт.
“ Уй, торпокторго бирка басып, идентификациядан өткөрүп жатабыз. Ошону менен бирге шарп оорусуна каршы малдарга вакцина сайып жатабыз.” –дейт Нааматбек Тентиев. 2017-жылдын апрель айында ургаачы уйларды биринчи жолку индентификациялоо болгон.
Даярдаган: Шаршенбек Акматов