Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору иш алып барып келет. Аталган борбор жарандарга акысыз укуктук суроолор боюнча кеп-кеңеш берип, документтерди даярдоодо көмөк көрсөтүшөт.
Бүгүн 22-июнда борбордун кеңсесинде ММК өкүлдөрү үчүн пресс-тур уюштурулду. Анда юридикалык жардамды координациялоо борборунун ишмердүүлүгү, кызматкерлер, укуктук жардамды кимдер кандай шартта алууга мүмкүн экендиги тууралуу маалымат берилди.
Мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн акысыз жардамды бир айлык киреше булагы 11 миң сомдон ашпаган жарандар, 1-2 топтогу майыптыгы бар адамдар, аскер кызматкерлери, жалгыз бой ата-энелер, кары-картаңдар, жашы жете элек өспүрүмдөр ала алат.Жардам көрсөтүү системасы 3 кадамдан турат:
Укуктук билим берүү-мында эч кандай маселеси жок, бирок алдыда ар түрдүү көйгөйлөргө чалдыгып калбаш үчүн билим алууга болот.
Консультация- борбордун кеңсесине келип өз абалын түшүндүрүп, укук коргоочулардан акысыз кеп-кеңеш алууга болот.
Юридикалык жардам-бул сиздин жеке маалыматтар текшерүүдөн өтүп, кайрылууңуз кабыл алынган соң сизге акысыз жактоочунун кызматын көрсөтүп беришет.
Айжан Шааботоева Бишкек шаарынын тургуну. Мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн акысыз укуктук жардамдын колдонуучусу. Маселеси чечилгенге чейин жактоочу менен иштешкен. Бүгүнкү пресс-турга атайын өз ой-пикирин билдирүү үчүн келген.
Кыргызстанда июнь айынын акыркы жекшембиси укук коргоочулар күнү катары белгиленип келет. Жыл сайын ушул учурда калкты укуктук маалыматтар менен камсыз кылуу үчүн министрлик тарабынан пресс-тур, акциялар уюштурулат.
Зыйнат Самар кызы