Тогуз-Торо районунда «Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата райондун ар бир мектебинде өткөрүлүп келген фестиваль Тогуз-Торо райондук Маданият үйүндө болуп өттү.
Жыйынтыктоо концертине ар бир мектептен мыкты деп табылган номерлер тандалып алынган. Концерттин жүрүшү мамлекеттик тилди даңазалаган ыр, бий, акыя айтышуу жана башка оюн-зоок менен коштолду.
Концертке Тогуз-Торо районундагы элдер келип күбө болушту.
Жыйынтыгында катышуучулар грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Даярдаган: Нуриза Рыскулова