23-октябрь Эл аралык Ак илбирс күнүнө карата мектептер арасында конференция өткөрүлдү. Конференцияга райондун 5 мектебинен 3 төн окуучу жана 2 ден мугалим чакырылган.
Конференциянын жүрүшүндө конференциянын уюштуруучусу Алтынай Жеңишованын билдирүүсүнө карасак, конференцияга келген 5 мектеп Борбор Азиядагы 5 мамлекеттеги Ак илбирсти сактоо, ал жактагы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат даярдап келишкен.
Конференция мыкты деңгээлде өткөнүн, келген окуучулар конференцияга активдүү катышкандыгы тууралуу Алтынай Жеңишова билдирди.
Даярдаган: Нуриза Рыскулова