Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында жайгашкан №7 Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектебинде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамына 30 жыл толгонуна карата «Мамлекеттик тил-улуттун байлыгы аттуу кароо сынак өткөрүлдү.
Бул сынак Тогуз-Торо районундагы баардык мектептерде өткөрүлгөн. Бул сынакка мугалимдер жана окуучулар биргелешип даярданышкан. Сынактын жүрүшүндө окуучулар жана мугалимдер кыргыз элинин байыркы көчмөн калкын жана баатырларын чагылдырылып, кыргыз тилин даңазалаган улуттук бий бийленип, акыйнек айтылды. Сынакка чакырылган калыстар тобу концерттин соңунда өз ойлорун айтышты. Жана сынактын жыйынтыгы чыгарылып жана андагы жакшы деп табылган номерлер 8-октябрда Тогуз-Торо райондук маданият үйүндө өткөрүлө турган концертке тандалып алына тургандыгын эскертишти.
Даярдаган: Нуриза Рыскулова