Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев орто мектебинде «Желе» интеллектуалдык сабагы өткөрүлдү. Ал сабакка 8-9-10-11-класстын окуучулары катышты.
Бул тууралуу «Желе» интеллектуалдык сабагынын уюштуруучусу жана химия сабагынын мугалими Нургиза Бексултанова буларга токтолду:
“ Биздин сабактын максаты 1-чейректен берки билим сапатын текшерүү максатында ушундай иш чараны өттүк. Биз окуучуларга дайыма кызыктырып сабак өтүп жана билим деңгээлин текшерип турушубуз керек. Бул оюнда физика, химия, география, тарых жана ар түрдүү суроолор бөлүмдөрү болду. Жеңишке жеткен команданы кызыктыруучу белектер менен сыйладык. Бул сабак окуучуларга жакты деп ойлойм.”
Даярдагандар: Аман Шаршенбеков