Адамдар дары өсүмдүктөргө байкоо жүргүзүп, алардын пайдасын жана зыяндуу жактарын аныктап, максатка ылайык колдонуп келишкен.
«Манас» эпосу
Илгертен эле жаратылышка аяр мамиле кылуу көнүмүш адатка айланган. Кыргыз эли оозеки чыгармаларга өтө бай. Мисал катары «Манас» эпосу, лирикалык ырлар, жөө жомоктор, мифтер, уламыштар, учкул сөздөр, макал-лакаптар жана санжыраларды келтирүүгө болот. Өзгөчө оозеки чыгармалары, кыргыз элинин турмушу, чарбачылыгы жана рухий маданияты жөнүндө түгөнгүс байлык.
“Манас “эпосундагы колдонулган дары өсүмдүктөр: уулжан, мумия, мээр чөп, кантемир, кырма кызыл дары, кайнатма кара дары, искеме дары, ак дары, кара барпы, ак барпы, апийим жана эрмен чөп.
Уулжан берип ичинен
Эски дартын буздуруп
Улжемил деген дарысын
Жутуп алды баарысын
Аккан каны басылып
(Сагынбай Орозбаков, 160-бет)
Кыжырдын өтү барбы деп
Чуулдаганы андан көп
Кумия дары мумия
Бар бекен деп кошундан
Сурап жүргөн андан көп
(Сагынбай Орозбаков, 575-инв)
Алты-жети жанаяк
Чар дары кылып жуткузса
Казактардын Эр Көкчө
Умачтай көзү ачылды
Ооруган жери басылды
(Курама вариант, 2,250)
Кыргыздын элдик медицинасында дарылоодо суу берүү, териге ороо, жылуу сууга салуу (арашан), ысыктоо, ушалоо, кан алуу, сүлүк салуу жана тамыр кармоо ыкмаларды колдонуп келишкен.
Айсулуу Нурматова