Түп районунун Сарытологой айылындагы мечиттин курулушу былтыр ноябрда башталып, кийин бүтпөй калган. Бул туурасында айыл депутатты Кенжебек Балтабаев менен маек курдук.
— Айылдын депутатты катары биз айылдагы маселелерди чечүүгө милдеттүүбүз. Ошол себептен бул мечиттин эмне себептен салынбай калгандыгы тууралуу сураганыбызда, мечитти каржылап жаткан арабдардын башчысы алмашылып кеткендигинен акча маселеси чечилбей, мечиттин курулушу токтоп калгандыгын айтты.
Айыл тургуну Жакшылык Канатов мечиттин жоктугунан намаз окугандарга кыйын болуп жаткандыгын айтат.
— Намаз окуган жай жоктугуна байланыштуу мектепке тиешелүү болгон айылдык китепкананын бир бөлмөсүн намаз окуу үчүн бөлүнүп берилген. Негизинен мечит болсо, айыл тургундарынын ыйманы ойгонот, ошондуктан мечиттин бүтүшүнө үмүт кылабыз.
Даярдаган: Нурайым Кубаныч кызы
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн