Токтоян айылында Швейцариялык айыл чарба өнүктүрүү фонду (ФАО) тарабынан уюштурулган окуу болуп өткөн. Окуунун негизинде долбоор жазылып, жашылчалардын жаңы сортторун өстүрүү пландаштырылып, алар себилген. Жалпысынан бул долбоорго айылдан 46 адам катышып 5 топко бөлүнүп иш алып барышууда.
ФАОнун уюштуруучусу Анара Болотова төмөнкүлөргө токтолду.
“Бул долбоор негизинен айыл чарбаны өнүктүрүү болуп саналат. ФАО бул дүйнө жүзүндө айыл-чарба багытын өнүктүрүү боюнча иш алып барат. Үй чарбаларынын тоютун өндүрүү, кирешелерин жогорулатуу болуп эсептелет. Бул долбоорго 18 жаштан 70 жашка чейинкилер катыша алат. Долбоор Швейцария мамлекетинин өкмөтү тарабынан каржыланып, бул тапта группаларга бөлүнүп иштеп жатабыз. Ошондой эле быйыл помидор, бадыраң, капуста кызылчаларды септик”, — деди Болотова.
Бул долбоорго катышып жаткан Токтоян айылынын тургуну Саламат Кайкиев долбоордун максаты айыл тургундарына жардам берүү экендигин өз сөзүндө айтты.
“Бул долбоор негизинен айыл тургундарына жардам берүү максатында болуп жатат. Башында пландагандай эле өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун отургузганбыз. Алар өзүбүздүн огороддорго себилген, учурда аларды карап, өстүрүп жатабыз”, — дейт Кайкиев.
Айыл тургуну Гүлмира Акматбекова бул долбоор менен окууга катышып келгени тууралуу айтып берди.
”Мен бул ФАО долбоорунан кишилер келип ошолор тарабынан катышып жатам. Жакында эле Тасмага семинарга барып келдик. Ал жактан Америкадан Юна деген айым келип жана аны менен бирге Кыргызстандын айымдары Марипа, Зина деген айымдар бизге кеңири түшүндүрүп окутту”, — деп токтолду Гүлмира Акматбекова.
Даярдаган: Элдияр Талант уулу
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн