Түп районунун Сарытологой айылында семинар болду. Семинарды «Токтоян» жамааттык мультимедиа борборунун тренери Адилия Мундукова аталган айылдын 9-11-классынын окуучуларына өткөрдү.
Семинарга катышкан Эржан Даменов семинар тууралу өз оюн төмөндөгүчө айтып берди.
“Бул семинарда мен көптөгөн нерселерди үйрөнө алдым. Семинарда мен жаңылык жазганды, радиодо кандай сүйлөш керек экендигин, көптөгөн маалыматтарды үйрөнө алдым”, — дейт Даменов.
Сарытологой айылынын 9-класстын окуучусу Гүлүл Исраилова семинар тууралу төмөнкүлөрдү айтты.
“Мага бул семинар абдан жакты. Анткени мындай семинарлар мурда бир да жолу болгон эмес. Мында биринчи жолу семинарга катышып көрүп, көптөгөн нерселерди түшүндүм”, — дейт Исраилова.
Даярдаган: Нурпери Нуркасым кызы
Сынак үчүн