Сарытологой айылындагы ФАПта оңдоп түзөө иштери жүрүп жатат. Көп жылдан бери оңдолбогон ФАП имаратын быйыл айыл өкмөткө кайрылып, атайын бул иш каралып, акча бөлүнүп берилген.
Мурда жөн гана актап, сырдоо болсо, быйыл биринчи жолу ичи, сырты толугу менен оңдолууда.
Медайым Аида Касиярованын айтымында, фельдшердик-акушердик пунктту айыл өкмөтү айылдык ден-соолук комитети (АДК) менен биргеликте каржыланып жатат.
“Мурдагыга жаңылап жылыткычтар, полго линолиумдар, ошондой эле чатырын жаңылап, терезе, эшиктерин пластиктен салып жатышат. Бул ФАП бир топ эле жаңыланып калды. Негизи буга чейин бир жылда бир актоо, 3-4 жылда бир сырдоо иштери жүрүп турчу. 10 жылдан бери быйыл биринчи жолу толугу менен оңдолууда. Азыркы тапта 500 миң бөлүнүп оңдоп, түзөө иштерин жүргүзүп жатышат”,-дейт Касиярова.
Айыл тургуну Улан Акымбаев ФАПтын оңдолуусу айыл тургундарын кубандырып жаткандыгы тууралуу төмөнгүчө айтып берди.
“ФАПтын мурунку абалына салыштырмалуу азыркы абалында абдан жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат. Ошондой эле тегеректерине да бак-дарактарды отургузуп, гүлдөрдү өстүрүшүүдө. Бул ФАПтын оңдолуп жатканы айыл тургундарын абдан кубандырып жатат”, — дейт Акымбаев.
Айыл тургуну Өмүрзаков Кубанычбек ФАПтын абалы мурун начарлап калгандыгы жөнүндө өз сөзүндө төмөнгүчө баяндады.
“Бул ФАПтын салынганына көп жыл болгондуктан, абалы начарлап калган эле. Эшиктери, полдору, чатыры абдан эскиргендиктен, быйыл бул маселе каралып, бардык нерселери жаңыланып жатат”, — дейт Өмүрзаков.
Даярдагандар: Даменов Эржан, Урсеитов Нурсултан
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн