Учкун айылын Эшбай Токсобаев орто мектебинде жыл сайын жасалуучу класстарды ремонттоо иштери жүрүп жатат. Ремонтко кеткен каражат жыл сайын республикалык бюджеттен бөлүнүп турат, мектептеги 560 окуучуга 95 сомдон эсептегенде жалпы 53 миң 558 сом акча каражаты бөлүнгөн.

Мектеп жаңы болгондуктан аны ичи жалаң водоэмульсионка менен жасалат. Азыр 164 килограмм водоэмульсионка, ак сырдан 75 килограмм, көк сырдан 64 булар кезеги менен алынып келип турат.

Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин чарбалык иштери боюнча директордун орун басары Адилет Бейшениалиев мындай деди.
«Биздин көп каражатыбыз жаңы мектепке кетет, себеби жаңы болгондуктан сырлар, водоэмульсионка көп кетет, ал эми эски мектеп аки менен акиленип полдору эле сырдалат», — дейт ал.

Кээ бир класстардын ата-энелери акча чогултуп, өзүлөрү ремонттон өткөрүп жатышат.
Даярдаган: Жакшылык Мирбеков
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн