Токтоян айылына түшкөн мөндүрдүн көлөмү чоң болгондуктан, айыл тургундарынын жашылча-жемиштерине зыян алып келди. Өз эмгектери менен сепкен жашылча-жемиштери куурап, абалдары начарлап калды.
Пенсионер Айнек Жайсаңбаева быйыл көп жашылча айдап, бирок, эмгектери текке кеткенин өз сөзүндө төмөнгүчө баяндады.

“Бул мөндүрдүн жаашы биздин жашылчаларга абдан чоң терс таасирин тийгизди. Буга чейин деле мөндүр түшчү, жер-жемиштерге эч кандай зыян алып келчү эмес. Бирок, быйыл мөндүр чоң түшкөндүктөн биз өз эмгегибиз менен сепкен жашылчалардын баары куурап калды”, — дейт Айнек апа.

Айыл тургуну Турдукан Борубашева жарым сааттан ашык жааган мөндүрдүн ага кандай зыян тийгизгенин төмөнкүчө айтып берди.
“Мен негизи жылда жер-жемиш деле сепчү эмесмин. Быйыл ушу атайын сатып алгандын ордуна өз колубуздан чыккан жер-жемиштерди колдонолу деп көп сепкен элем. Быйыл кызылча көп сепкем, бирок, кызылча абдан назик келет экен. Бардык кызылчаларым эч нерсеге жараксыз болуп калыптыр. Жарым сааттан ашык жааган мөндүр бардык жашылчаларыма зыян алып келди”, — деди Борубашева.
Даярдагандар: Адилия Мундукова, Саламат Кайкиев
Сынак үчүн