Ош облусунун Кызыл-Булак айылында медиа сабаттуулукка арналган семинар болуп өттү. Ага айыл тургундары катышып, фейк маалымат жана анын шайлоо өнөктүгүндөгү ролун талуулашты.
Ош облусунун Кызыл-Булак айылында медиа сабаттуулукка арналган иш-чара болду
Иш-чараны Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөсү Кызыл-Булак жамааттык мультимедиа борбору ишке ашырды.
Семинарга алтымышка чукул айыл тургундары катышып, социалдык медиадагы жалган маалымат жана аларды аныктоо жолдору тууралуу үйрөнүштү. Ошондой эле, шайлоо учурунда фейк маалыматтардын коомдук турмушка тийгизген таасири жана Баш мыйзамдын жаңы редакциясы тууралуу талкуу болду.
Айрым катышуучулар семинардан соң, Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр жана фейк маалымат тууралуу ой бөлүштү:
Санавар Каратаева
Санавар Каратаева: “Бүгүнкү жыйындан Конституциянын жаңы редакциясы тууралуу маалымат алып, андагы өзгөрүүлөрдү билдик. Бул маалыматтар боюнча тууган-уруктар, кесипштерим менен бөлүшсөмбү деп турам. Анткени, Баш мыйзамдын жаңы версиясындагы өзгөртүүлөр ар бирибиздин жашообуз, өлкөбүздүн келечеги үчүн маанилүү. Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна барып катышам”.
Данияр Көчкөнөв
Данияр Көчкөнөв, Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары: «Бүгүнкү жыйын абдан пайдалуу болду. Фейк маалымат менен чын маалыматтын айырмасын элге түшүнүктүү болду. Азыр силердин алдыңарда бир мектептин жамааты келип, кечирим сурап кетти. Буга чейин алар, бир эле ошол мектептин билим сапаты тууралуу маселе каралат экен деген жалган маалыматты угуп келишкен экен. Азыр чогулуштан көрүп, ал фейк турбайбы деп түшүнүп кетишти. Бул иш-чаранын бир пайдалуу жагы болду».
Майрам Шамшиева
Майрам Шамшиева: “Биринчиден, азыркы заманда медиа сабаттуу болушубуз керек экен. Анткени, социалдык медиа аркылуу күнүнө көптөгөн жаңылыктарды угуп окуп жатабыз. Алардын калпын чынынан ажырата билүү керек болуп калды. Андан тышкары, Баш мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча керектүү маалымат алдым”.
Сагдимал Абдыгапарова
Сайибжамал Абдыгапарова: “Буга чейин жалган маалымат менен чын маалыматты айырмалоону жакшы биле берчү эмес экенмин. Бүгүнкү тренингден аларды кантип айырмалоого болот деген суроого жооп алдык. Сынчыл ой жүгүртүү деген тема дагы абдан кызыктуу болду. Эми жалган маалымат ар учурда болот. Бирок, шайлоо өнөктүгүндө дагы алардын болушу коомдук пикирди буруп кетип жататго деп ойлойм. Ошондуктан шайлоо маалында жана ага чейин дагы жалган маалыматтарга ишенбей, аларды иргей билсек…”
Депутаттардын саны менен жашы элдин талкуусунда…
Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр менен таанышуу зарыл
Касиет Кубанычбек кызы