5-күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жыл сайын июль айынын биринчи жумалыгында белгиленүүчү медицина кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү.
Майрамдык салтанатка район башчысы-аким Акылбек Тюкебаев катышып, медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады. Медицина кызматкерлеринин эмгеги эң жооптуу, түйшүктүү жана ардактуу экендигин белгилеп, өз сөзүндө «Ак халатчандар күн-түн дебей районубуздун калкынын саламаттыгын сактап, адамдарга жардам берип, аларга оорудан айыгып кетүү ишеничин тартуулап жатасыздар. Сиздер тынч уйку, чектелүү иш убактысы жок иштейсиздер”, — деп айтып өттү.
Медицина мекемелеринин берген сунуштарына ылайык эмгек алдыңкыларына райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамоталары тапшырылды. Майрамдык салтанат райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин концерттик программасы менен уланды.
Азема Кудуева