5-июль күнү, Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейдин жалпы жамааты белгилүү аалым, агартуучу Мамбетасан Ибраев менен жолугушуп, өзгөчө семинарга күбө болушту. Семинар жаш педагогдордун интеллектуалдык дараметин, дүйнө таанымын, китепке болгон мамилесин, билимге сүйүүсүн арттыруу, жогорулатуу таризинде коштолду.
Семинардын жүрүшүндө Мамбетасан Ибраев жалпы жамаатка өзүнүн билимин, турмуштук тажрыйбаларын жана дүйнөлүк деңгээлге ортоктош болгон ойлорун, идеяларын кеп кылып, азыркы муундун жакшы жаман сапаттарын белгилеп, алдыга умтулууга, китептерди көп окуп, билимдүү жаштардын коомун түзүүгө, өлкөнүн келечегин ойлонууга чакырык жасады.
Кесиптик лицейде билим алган келечектин кесип ээлеринин кыялдарын курчутуп, бийик-бийик ийгиликтердин ээси болууга үндөдү. Бул менен бирге учурда ар бир адам окуусу зарыл болгон дүйнөлүк китептер менен тааныштырды. Кесиптик лицейдин мугалим-устаттары, мыкты мотивациялык семинар үчүн Мамбетасан Ибраевге терең ыраазычылык билдиришти.
Белгилей кетсек, Мамбетасан Ибраев коомдук жана диний ишмер, “Калем” академиясынын негиздөөчүсү. 5 тилде эркин сүйлөп, учурда чет элдик китептерди кыргыз тилине которуп, балдар үчүн китептерди чыгарып окурмандарга сунууда.
Турсун Омуралиева