Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев мектебинде 2023-2024- окуу жылын 25 окуучу ийгиликтүү аяктады. Бүтүрүүчүлөр сыяктуу эле окуучулар Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдык көрүп мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүштү
Окууну аяктаган 25 окуучунун ичинен 24ү ЖРТ тестирлөөгө катышып, жалпы 83% пайызды көрсөттү. Бул окуучулардын жыл бою даярдык көргөнүн көрсөтүп турат. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун 3 жолку тестине, андан тышкары акылуу да акысыз да тестирлөөдөн өтүп жатышты.
«Буга ата – энелер шарт түзүп берип, балдарынын келечегине кайдыгер эмес экенин көрсөтүштү. Андан тышкары атайын расписание түзүлүп, сабактан тышкары консультация, сабактар өтүлүп жатты»,- дейт Абдылда Аралбаев мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Айжан Койчуманова.
Аталган мектептин бүтүрүүчүсү Айжаркын Калдарбекова 215 упай алды
«Көптөн күткөн жыйынтыкты угарыбызга саналуу убакыт калгандыктан, бардык бүтүрүүчүлөр сыяктуу эле коркунуч да, толкундоолор да болуп жатты. Биринчи укканымда сезимдер мурдагыдай эле туруктуу, токтоо абалда болдум. Жыйынтык чыккандан кийин жеңилдикти сездим. Башынан өзүмдү жакшы дагы, жаман дагы жыйынтыкка даярдап жүргөнүм үчүн болушу мүмкүн. Эже агайларым дагы аракет кылсаң алтын сертификат алмаксың дегенин угуп, кичине упай жетпей калганыма өкүнүч болду».
Айжаркын ЖРТ га даярданууну эрте баштаган
«Жогорку класста ЖРТ тести тууралуу, ага даярдык көрүү экенин, 11 жылдык билим тест менен сыналаарын билип, эрте даярдык көрүш керек экенин түшүндүм. Негизи убакытты туура пайдалануу өтө маанилүү. Мурунку бүтүрүүчү байке-эжелерден алган китептерди карап жүрүп, август айында математика сабагынан даярдандым. Секом, Schoolclub, курстарына барып, онлайн, мектептен кошумча сабактарды окудум».
Өткөөл курак
«Бүтүрүүчүлөргө тест, кесип тандоо, өспүрүм курактан өтүү учуру кыйынчылык жаратат, кээде баары бекер кетип жаткандай сезилет, ал учурда окуума шарт түзүп, дайым аруу тилегин айтып, бардык жерден колдогон, мага ишенген, мен үчүн дуба кылган ата-энеме чоң ыраазычылыгымды билдирем».
Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык 1 – класстан башталат.
«ЖРТга болгон даярдыкты жылдын жарымынан баштадым. Аябай катуу даярдык көрбөсөм да, мектеп мугалимдеринен консультация алып, математика мугалими Аида эженин курсуна бардым, сабак учурунда Кундуз эже көп жардам берди. Кыргыз тили жана адабият мугалимдери Айтбүбү эже менен Таалайкүл эженин да салымы чоң. Чындыгында ЖРТга болгон даярдык 1-класстан башталаарына өзүм даярдык көргөндө гана ынандым. Себеби, башталгыч класстан «А» тамгасын тааныгандан баштап биз үйрөнгөн ар бир нерсе кичине болсо да ЖРТ үчүн маанилүү».
Мугалимдерге ыраазычылык
«Менин 11 жылдык жетишкендиктеримдин аркасында ар бир мугалимдин талыкпас эмгеги бар. Себеби, мен эч кандай кыска мөөнөттөгү окууларга барган жокмун. Мугалимдерге ийгилик каалап, биздин мектебибизден алтын сертификат ээлери чыгат деген үмүтүм чоң».
Куланак жамааттык медиа борбору