Жыл сайын июнь айынын акыркы жекшембисинде медициналык уюмдарынын кызматкерлеринин күнү белгиленет. Буга байланыштуу Ак-Талаа райондук маданият үйүндө саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.
Анда өмүр сакчыларына арналган куттуктоолор айтылып, республикалык, облустук, райондук дегээлдеги сыйлыктарды тапшырылды.
Кесиптик майрамга карата бир катар медицина кызматкерлери сыйланды
Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2021-жылы калкка медициналык жардамды 177 оорукана уюмдары, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү 40 уюм, эки медициналык тез (ыкчам) жардам көрсөтүү боюнча өз алдынча станциялар жана бир миңден ашык фельдшердик-акушердик пункттар көрсөтүштү. Аймактык ооруканалардын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун 62 жалпы медициналык практика борбору иштеген, ал эми анын ичинде 155 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштеди.
Мындан сырткары, 2021-жылы он төрт миңден ашык дарыгерлер жана отуз төрт миңден ашык калкка медициналык-санитардык жардам көрсөтүшкөн. Республиканын 10 миң калкына 21 дарыгер жана 51 медайым туура келген.
Барчын Мамытбекова