Кыргыз элинин рухий маданиятын, γрп-адат, каада-салтын, оозеки кѳркѳм чыгармачылыктарын пропагандалоо менен райондогу маданий массалык иштерди жандандыруу, жаштарыбыз адептγγ, ыймандуу, терен билимдγγ, сабырдуу, тарбиялуу жана ѳз элинин тарыхын , маданиятын билγγ, алардын бош убактыларын туура пайдалануу, кылмыштуулукту алдын алуу, ынтымакка чакыруу максатында райондук маданият γйγндѳ 21-февралда «Мырза жигит-2017» кароо сынагы ѳтѳт.
Кароо сынакка эрки кγчтγγ, эч нерседен тайманбаган, таланттуу, намыскѳй, каада-салтты билген 15 жаштан 22 жашка чейинки мырзалар катыша алышат. Жана ошондой эле сынакка райондун айыл ѳкмѳттѳрγнγн, мекеме ишканалардын жана мектеп окуучуларынын жигиттери катыша алышат.
Ак-Талаа райондук маданият үйүнүн директору Курманжан Тиленбаеванын айтымында, сынак райондун аймагында бир канча жылдан бери өткөрүлүп келе жатат.
— Жобосу бардык мекемелерге жана айыл өкмөттөргө, мектептерге жиберилди. Кароо-сынакта атайын калыстар курамы иштейт. Сынактын жеңγγчγлѳрγнѳ диплом жана баалуу сыйлыктар берилет. Кароо-сынакта мырзалар алдын ала берилген беш тапшырманын негизинде өнөр сынашат.
Даярдаган: Нурбек кызы Аймырза
Редактору: Айылчиева Адина
Сынак үчүн