Баетов айылындагы Карасартов орто мектебинде 6-классынын ата-энелери менен бирдикте “Сармерден” оюну болуп өттү. Оюн-зоок оюнунда ыр-күүлөр жаңырып, улуттук бийлер бийленди.
Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы болгон чечендик өнөрү макал-лакап, жаңылмач жана табышмак айтышып, өнөр сынашты.
Мектептин жаштар уюмунун төрагасы Дөөлөтбек уулу Азамат:
— Быйылкы жыл “Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыяланды. Бул өнөр оюну ошонун алкагында өтүп жатат. Мектеп менен ата-эненин байланышын чыңдоо, бош убактыларды туура пайдаланууга үйрөтүү, элибиздин салт-санаасын, чечендик өнөрдү баалоо, маданий мурастарды сактоого тарбиялоо максатында өткөрүлүп жатат. Буюрса бул иш-чараны уланта беребиз.
Даярдаган: Нурбек кызы Аймырза
Редактору: Айылчиева Адина
Сынак үчүн