Коңорчок айылындагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинде “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата 9-11-класстарынын алдыңкы окуучуларынын арасында “Акыл ордо” таймашы өттү.
Мектептин социалдык педагогу Аида Аппасова таймаштын максаты тууралуу буларга токтолду:
— Окуучуларды, адептүүлүккө, ыймандуулукка тарбиялоо менен бирге билимге болгон ынтызарлыгын, аракетин өнүктүрүү. Албетте билимдүү жеңет дейт. Таймаш үч бөлүктөн туруп, предметтик суроолор менен бирге кыргыз элинин маданиятына байланышкан жана патриоттуулук багыттагы “Манас” эпосу, кыргыз мамлекетинин өнүгүшүндө салым кошкон улуу инсандар боюнча суроолор берилди. Окуучулар бардык аракеттерин жумшап, жигердүү катышышты. Оюнга катышып жаткандардын жаш өзгөчөлүгү ар кандай болгондуктан бири-биринен жеңилип калбоого аракеттеништи. Оюндун шарты боюнча 3-турда Корчубекова Нурайым менен Карбосова Гүлүмкан билимдерин сынашты. Жыйынтыгында Карбосова Гүлүмкан жеңүүчү болуп, Ардак грамота менен сыйланды.
Даярдаган: Кубанычбекова Эльвира