Мексикадан келген жубайлар Херсон менен Хеллинин таластыктарга жардам беришти.
Мексикадан келген жубайлар Херсон менен Хеллинин Таласка келгенинен бир жылдан ашты. Келгенден тарта алар кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылышкан, азыр кыргыз тилинде эркин сүйлөй алышат.
Жубайлар кайрымдуулук иштери менен алектенишип, аз камсыз үй бүлөлөргө бир нече ирет жардам беришкен.
Коронавирус илдетинен улам карантинде үйдө отурган жардамга муктаж 17 үй- бүлөгө жубайлар бул жолу да жакындан жардам беришип, ун жана азык-түлүк, тамак-аш түрүндө жардам беришти.
Даярдаган: Мира Сейдикеримова