Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин окуучусу “Эң мыкты кат 2016” сыйлыгынын ээси болду. Ал сынакка «Үркүн» туурасында жазган каты менен катышкан.
Аралбаев орто мектебинин 5-классынын окуучусу Айсирен Марлис кызынын жайкы эс алуу убагында сынак тууралуу апасынын сунушу менен катышып калганын айтат.
«Дил баяанды “Үркүн” тууралуу жазгам. Мен каникул убагында Коңурчук айылында болчумун. Ошол кезде гезиттен окуп, апам дил баян жазуу боюнча сынак жүрүп жатыптыр деди. Ошондуктан өз күчүмдү сынап жазып көрөйүн деп жазгам», — деди ал.

Айсирен буга чейин мындай сынактарга катышкан эмес. «Жеңүүчү болгондон кийин катышкым келип калды», — деп Айсирен сөзүн жыйынтыктады.
Класс жетекчиси Аида Жумабаева окуучусунун мындай таланты бар экенин жаңыдан билип жатканын айтат.

«Ал менен абдан сыймыктанып жатам. Ал өзү жоош жана тыкан кыз. Бүгүн үйдө отурсам, апасы чалып, Айсирен дил баян жазып сыйлыкка ээ болду, класс жетекчиси менен сыйлыгын чогуу тапшырат экен деп айтты. Айсирен буга чейин эле ырга, бийге катышчу. Эми да анын таланттары өркүндөй берсин демекчимин», — деди класс жетекчиси Жумабаева.

Сынакка кантип катышып калганы тууралуу апасы Жайнагүл эже буларга токтолду.

«Каникул убагында “Үркүн” тууралуу жазылган дил баяндар сынагы болуп жатат деп почточу Касмалиева Бурулкан эже айткан. Кызым таенесинин үйүнө кеткендиктен, ага телефон менен билдирдим. Ошол жактан газета-журналдардан, китептерден карап жазып беш барак кылып мага салып жиберди. Бурулкан эже аркылуу дил баянды кетирдим. Орун алат деп деле күткөн эмесмин. Анан кызым “Мыкты кат 2016” сыйлыгын алды деди. Бир топко чейин толкундандым. Балдарыңа кичине эле көңүл бурсаң баары болот экен», — деди апасы толкунданып.
Автор: Айдана Сарбагыш кызы, Алиман Назарбек кызы, Айгерим Жыргалбекова
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн