Нарын районунун Куланак айылыныдагы чылым чеккендердин оюн билип көрдүк.
Бул темада сурообузга жооп издеп чыкканыбызда чылым колдонуучулар маек куруп, бирок аты-жөнүн атоодон жана сүрөткө түшүүдөн баш тартышты.
Биринчи эле биздин каарман 44 жылдан бери чылым чегээрин айтып, анын зыян жактарын да баса белгиледи.
«Чылымдын аркасынан көп ооруга чалдыктым. Таштайын деп такыр таштай алган жокмун. Көптөгөн зыян жактары бар экен. Чылым чеккениме өкүнөм», — дейт атын атагысы келбеген айыл тургуну.

Дагы бир айыл тургуну 8-класстан бери чылым чегип келгенин айтат.
«Жашым 55те. Чылымдын зыянын көп тарттым. Анын кесепетинен өпкөмө эки жолу операция жасаттым. Жаштарга айтаарым эч качан чылым чекпегиле», — дейт ал.

Даярдаган: Саадат Бейшенбек кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн