Куланак айылындагы Жеңиш Султанова атындагы ооруканада сентябрь айынан бери уланып келген текшерүү толугу менен аяктады. Бул тууралуу аталган оорукананын клиникалык жетекчиси Сайрабүбү Асанова менен маектештик.
Жылына болуп туруучу мындай текшерүү кандай максатта өтүп турат?
— Балдардын ар кандай оорулары күчөп кетпеши жана алдын алуу максатында бул текшерүү пландуу түрдө аткарылат.

Текшеруу канча убакытка чейин уланат?
— Сентябрь айынан башталган. Мектепте окуучулары көп болгондуктан бүгүн аяктады.

Мектеп окуучуларыны баары текшерилдиби?
— Албетте, 0-класстан баштап, 11-класска чейинки окуулардын бардыгы толугу менен өттү.

Балдардын ден-соолугунун жыйынтыгы кандай болду?
— Негизинен жакшы эле, бирок 2-3 баладан тубаса жүрөк оорусу аныкталды.
Окуучуларга өз кеңештеринизди бөлүшүп кетсеңиз?
— Биринчиден, өздүк гигиенасын сакташ керек. Анын ичинен колду жууп, тырмактарды алып, өзүн таза алып жүрүү зарыл. Мына ушулардын баарын алдын алса, ден соолугу бекем болуп, оорулардан алыс болот.
Даярдагандар: Автандил Ажымудунов, Азима Жаныш кызы, Кыял Барыктабасова.
Тренер: Рысбай Адамалиев
Сынак үчүн