Нарын районунун Куланак айылында курулуп жаткан футбол аянтчасынын курулушу суук түшкөнүнө байланыштуу убактылуу токтоду. Бул боюнча курулуш иштерине көмөк көрсөткөн айылдык жаштар комитети менен маек курдук.
Куланак айылдык жаштар уюмунун башчысы Манап Калыбеков:
— Бул курулуш иши токтогон жок, болгону суук эрте түшкөнүнө байланыштуу, иш убактылуу артка жылдырылды. Күн жылыганда курулуш иштери уланат.
Жогоруда алынган маалыматты толуктоо максатында дене-тарбия жана спорт мугалими Бейшенбек Имановго кайрылдык.
— Футбол аянтчасынын фундаментин куйса кургабай тоңуп калып, кайра ал жазында эрип ашыкча чыгым жаратат. Ошондуктан ишти жазга калтырууну туура көрдүк. Күн жылыганда кайра баштоо оюбуз бар.
Аянтчанын курулушуна айыл тургундары да салымын кошуп, 200 миң сомдун тегерегинде каражат чогултушкан. Аянтчаны курууда айылдагы жеке ишкерлер көмөк көрсөтүшкөн.

Даярдагандар: Эркинай Барыктабасова, Милена Каныбекова, Саадат Бейшенбек кызы
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн