Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек орто мектебинин окуучулары «Менин таза айылым!» аттуу акция жүргүзүштү. Окуучулар топ-топ болуп бѳлүнүп, кѳчѳлѳрдү кыдырып, айыл тургундарын тазалыкка чакырышты.
Токтогул районунун билим берүү бѳлүмү ноябрь айы биология жана химия айы деп белгилегендиктен окуучулар менен биргеликте «Менин таза айылым!» аттуу акциясы Терек-Сууда да жүргүзүлгөн.
Айыл тургундарын тазалыкка чакырган жүрүштүн уюштуруучусу Назгүл Шакирова аталган мектептин биология жана химия сабагынан берет.

«Окуучулар кѳӊүлдүү жана активдүү, кубануу менен катышып беришти. Анткени бул ѳздѳрүнүн айылы үчүн да. Окуучулар топ-топ болуп бѳлүнүп кѳчѳлѳрдү кыдырып, айыл тургундарын тазалыкка чакырышты. Айыл тургундары жакшы маанайда кабыл алып жатышат», — деди ал.
Жүрүштүн катышуучусу Таӊчолпон Сабырбекова «айылыбыздын тазалыгы үчүн чыктым. Бул аймактын кѳрүнүктүү айылы бизбиз. Ошондуктан айылыбызды дайыма таза сакташыбыз керек деп ойлойм. Башка айылдардан келген адамдар айылыбыздын тазалыгын кѳрүп суктанса дейм» дейт

Айыл тургундарынын жакшы кабыл алып жатканы да жаман кабыл алып жатканы да бар дейт Айтмат Анашов.

«Айыл тургундарынын жакшы да, жаман да кабыл алып жаткандары бар. Бул акцияда кѳчѳдѳгү ташдандыларды тазалап жатабыз. Тазалык жѳнүндѳ иш-чаралар кѳп болуп туруусун каалайт элем», — деди Айтмат.
Айыл тургуну Панера Мүзүрова окуучулардын акцияга чыкканына кубанып жатканын айтты.
«Окуучулардын минтип айыл элин тазалыкка чакырып жатканына мен кубанып жатам. Айланаӊыздарды тазалап, таштандыларды алуубузду суранып кетишти. Өзүбүздүн айыл болгондуктан таза сактообуз керек. Туура кылышат окуучулар», — деди ал.

Илгери дагы ушинтип окуучулар кѳчѳлѳрдү кыдырып, элдерди тазалыкка чакырган иш-чараларды өткөрүп келген. Айыл тургуну Дамира Стамалиева «кийин атпей калышты эми минтип силерди кѳрүп сүйүнүп жатам» дейт.
Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы
Редактор: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн