Балыкчы шаарында АЗР тарабынан АИВ инфекциясы тууралуу окуучулар үчүн олимпиада-викторина сынагы болуп өттү. Өткөрүлгөн сынакка шаардын бардык 10 мектебинен келген 5 адамдан турган 10 топ катышты. Алар үчүн 2 турдан турган тесттик тапшырмалар берилди.
Иш-чара 1-декабрь «Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө» карата арналган бир айлыктын негизинде уюштурулуп, Балыкчы шаарындагы Ч.Айтматов атындагы №5 жалпы орто билим берүү мектебинде өткөрүлдү. Биринчи турда ВИЧ-СПИД тууралуу жазуу түрүндө тест болсо, экинчи турда онлайн түрүндө тапшырмалар берилди. Сынактын жүрүшүндө бардык катышуучулар активдүү катышып, сынак кызыктуу болду.
Жыйынтыгында, 10 топтун ичинен үчөө байгелүү орундарга татыды.
Биринчи орунду Балыкчы шаарындагы С.Каралаев атындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары жеңип, «Биринчи баскычтагы диплом», термос жана наушниктер менен сыйланышты.
Экинчи орунду Балыкчы шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы №2 жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары жеңип, «Экинчи баскычтагы диплом», термос менен сыйланышты.
Үчүнчү орунга Л.Толстой атындагы №1 мектеп-гимназиясынын окуучулары татыды.
Айжамал Табылдыева, Мадина Темирбек кызы