Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинде «Биз зордук-зомбулукка жана рэкетке каршыбыз» аталышындагы 8-9-10-11-класстар үчүн иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага окуучулар менен биргиликте Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.Окуучулар алгачкы эле дубал газеталар менен чыгып жөө жүрүш басышып, андан соң флешмоб жана рэкет боюнча чакан сценка көрсөтүп беришти.
Иш-чарага келген Кочкор райондук балдар иштери боюнча инспектору Гулира Касымкуловадан кийинки маалымат алдык: «Бүгүнкү иш-чара бардык мектептерде уюштурулуп жатат. Биздин негизги максат балдар арасында, балдарга карата зордук- зомбулук жана мектеп рэкетин алдын алуу.
Андан сырткары, дене-тарбия мугалими Чынгыз Каниметов, окуучулар арасында ынтымакка чакыруу максатында 8-10 класстар арасында спорттук мелдеш уюштуруп берди.
Мадина Жокенова, Асема Молдошева, Бегимай Чаева