Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылында айыл өкмөтү менен биргеликте синагидра фирмасы тарабынан түндүк — түштүк жолундагы Кочкор – Эпкин долбоорунун эсебинен бактар тигилди.
Кочкор – Эпкин жол курулушунда жолдун жээгиндеги кыйылган бактын ордуна бактар тигилип жатат. Жолдун айланасынан бакты мал жеп кетүү коркунучу болгондуктан, айыл өкмөттөрү менен кеңешип, сейил бакчага тигүүнү чечишкен. Азыркы күндө 500 көчөт отургузулду.
Сейил бактары отургузулду
Чолпон айылдык клубдун башчысы Чолпон Сыдыкова
Чолпон Сыдыкова төмөндөгүлөрдү айтты:
«Бул жер канча жылдан бери кароосуз, бош жаткан жер. Аянты 5 гектар. Союз учурунда сейил бак болгон. Кытай фирмасынын демөөрчүсү менен айыл өкмөтүнүн демилгеси менен жаңы маданий сейил бакчасын уюштуруп баштадык. Келечекте бул жер чоң сейил бакчага айланат деген жакшы ой максаттарыбыз, тилектерибиз бар.
Көчөт отургузуу эрежелерди сактап, бактарды тигип жатышат
Акылай Карыпбекова