Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу мектептер арасында волейбол оюну болуп өттү. Бул оюнга 6 команда катышты.
Волейбол микс версиясы боюнча өттү. Бул аралаш волейбол — классикалык оюндардан, командада эркектер жана аялдар өкүлдөрүнөн тургандыгы менен айырмаланат. Бул турнирди Корчубек Акназаров атындагы орто мектеби уюштуруп, эстафетаны Жунушалы кызы Сайнап атындагы орто мектебине узатты. Бул оюн спортту сүйүү, сергек жашоого үндөө, ден соолукка кам көрүү максатында өткөрүлдү. Волейбол оюнунун ден соолукка пайдасын карап өтсөк:
Жүрөк-кан тамыр системасын бекемдеп, кан айланууну жакшыртат. Дем алуу системасына оң таасирин тийгизет. Волейбол булчуң-кыймыл аппаратын чыңдайт, муундардын кыймылдуулугун жакшыртат, нерв системасына оң таасирин тийгизет, маанайды жакшыртат, стресс жана депрессия менен күрөшүүгө жардам берет. Волейбол жана башка командалык спорт командага болгон жоопкерчилик сезимин, командада иштөө жөндөмүнө тарбиялайт.
Оюндар кызыктуу жана курч мүнөздө өтүп, бардык командалар волейбол ойноодо өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Оюндун соңунда жеңүүчү болуп Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин командасы табылды. 2-орунду Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектептин командасы, ал эми үчүнчү орунду Жунушалы кызы Сайнап атындагы орто мектептин командасы ээледи. Жеңишке жетишкен оюнчуларга медаль, белектер тартууланды.
Гүлира Сатарова