Кочкор районунун Чолпон, Молдо-Кылыч, Эпкин, Туз айылдарынын 10-11-классынын окуучулары 2022-жылдын 7-декабрында Ак үйгө экскурсияга барып келишти.
Аны уюштурган Жаштар өнүктүрүү коомунун жетекчиси, «Лидеры города» окутуу бөлүмүнүн негиздөөчүсү Альбина Абдылдабекова болду. Октябрь округунун депутаты Дастан Бекешов окуучуларды кабыл алып, Ак үй менен тааныштырды.
Окуучулар Ак үйгө экскурсияга барып келишти.
Нур Болотбекова: «Мен Ак үйгө барганда абдан сүйүндүм. Себеби, бул убакытка чейин сыналгыдан гана көрчүмүн. Ал эми бүгүн чындыгында эле кирип отурам. Бул менин кыялдарымдын бири болчу. Биз алгач Ак үйдүн ичи менен таанышып чыктык. Андан соң шаршемби, бейшемби күндөрү өтүлүүчү чоң жыйынга, башкача айтканда, Жогорку Кенештин жыйындар залында өтүлгөн сессияга катыштык. Ошондой эле Жогорку Кеңештин Депутаттары Дастан Бекешев жана Мирлан Самыйкожо менен жолугуп баарлаштык. Алар бизге билимге умтулуп, көп-көп китеп окууга, келечектин мыкты уул-кызы болууга түрткү берип, кеңештерин айтышты. Бул биздин ар бирибиз үчүн чоң сыймык болду деп эсептейм.
Андан тышкары биз Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети Юридикалык Институтуна бардык. Факультет мага абдан жакты. Ичи чон, кызыктуу нерселер көп экен. Буга чейин барып көргөн эмесмин, биринчи барышым. Ал жактан мугалимдер сабактар өтүлүүчү бөлмөлөрдү көрсөтүштү. Менде жакшы сезимдер болду. Анткени мындай чоң университеттерде болуп көргөн эмесмин. Ал жактан чыккандан кийин мен дагы ушул факультетке тапшырсамбы деген ойлор да болду.»
Акылай Болотбекова