DiGi IT компаниясы Кыргыз шахмат союзу (КШС) жана World Chess менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мектеп окуучулары арасында биринчи онлайн тез шахмат турнирин өткөрдү. Турнирдин негизги миссиясы сергек жашоо образын жайылтуу жана шахмат спортун, маалыматтык технологияларды жайылтуу.
Иш-чарага Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынан 105 мектеп окуучусу катышты. Мектеп лигасындагы онлайн тез шахматтын жеңүүчүлөрү:
1. Элиана Санташбекова (1-орун)
2. Маликов Арсен (2-орун)
3. Байло Адил (3-орун)
Жеңүүчүлөргө белектер, ошондой эле ФИДЕ ID алуу жана шахмат боюнча жогорку лигаларга катышуу үчүн платформага акысыз жазылууга мүмкүнчүлүк берилди.
chessarena.com платформасында өткөн турнир Швейцария системасы боюнча ФИДЕнин эрежелерине ылайык 9 турда өттү. Чүчүкулак тартуу платформанын онлайн системасы аркылуу өткөрүлдү. Онлайн оюндун чынчылдыгын камсыз кылуу үчүн бардык оюндар турнирдин жүрүшүндө жасалма интеллект аркылуу текшерилип, турнир аяктагандан кийин жыйынтоочу негизде да текшерилди.
Бул иш-чаранын уникалдуулугу ар бир катышуучуга өзүнүн спорттук чеберчилигин жогорулатууга жана башка шахматчылар менен достук мамилени чыңдоого мүмкүнчүлүк алганында.
Кыргызстан шахмат союзунун аткаруучу директору Дамир Талапкер онлайн шахмат балдарга өзүн өзү өнүктүрүү үчүн туура адаттарды калыптандырууга жардам берип, географиялык аралыкты кыскартып, дүйнө жүзү боюнча онлайн турнирлерге катышуу аркылуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүн баса белгиледи. Ал ошондой эле жакынкы арада киберспорт федерациясы менен меморандумга кол коюу жана киберспорттун багыттарынын бири катары онлайн шахматты мындан ары өнүктүрүү пландалып жатканын белгиледи.
DiGi компаниясынын башкы директору Нурлан Шапанов бул турнир Кыргызстанда шахматты өнүктүрүү үчүн чоң кадам экенин белгиледи.
«Биздин компания шахматты өнүктүрүүгө аракет кылып, санариптик келечекке ийгиликтүү өтүү үчүн колдон келгенин жасоодо».
Бул турнир мектеп шахмат лигасынын өнөктөштүк жана өнүктүрүү программасынын алкагында биринчи жолу болуп өттү. Буга чейин шахмат академиясынын студенттери арасында тесттик турнирлер chessarena.com сайтында өтүп келсе, аймактар арасындагы онлайн турнир уникалдуу окуя болуп калды.
Онлайн-турнирге катышуу үчүн катышуучулар чыныгы аты менен платформага катталып, турнирге шилтеме аркылуу кошулуп, турнир башталышына 5 мүнөт калганда онлайн болушу керек болчу. Эң көп упай топтогон катышуучу жеңүүчү деп табылды.
Айгерим Кубатбекова