Жайыл районуна караштуу Кара-Суу орто мектебинин төмөнкү классынын окуучулары кышкы эс алууну чана тебип жана башка ар кандай оюндарды ойноп өткөрүшөт.
Мектеп окуучуларына кышкы каникулун кандай өткөрүп жатканы боюнча суроо менен кайрылдык.
Жандос Таштанов:
— Кышкы эс алууну ар кандай түрдө өткөрөм. Кышында көбүнчө чанага эшекти чегип алып көчөдө балдар менен муз тебип өткөрөм. Кээде балдар менен ат минип алып улак тартып ойнойбуз.
Ырыскелди Калманов:
— Кышкы эс алууну чана тебип өткөрөм. Кышкы эс алуу мага абдан жагат. Анткени мен балдар менен чогулуп алып эшекке чана чегип алып күн өткөрөм.
Элнур Мамбетов:
— Кышында мен эс алууну туугандарымдыкына барып өткөрөм. Үйдө болуп калган кезде эшикке чыгып малдарга чөп, суу берем. Бош убактымда көчөгө чыгып балдар менен карточка ойнойм.
Мектеп окуучулары кышкы эс алууну муз тебип, улак тартып, футбол ойноп жана башка нерселер менен эстен кеткис кылып өткөрүшөөрүн айтышты.
Даярдаган: Элзат Джумабаев
Редактор: Азирет Туратбеков
Сынак үчүн