COVID-19 илдети жайылгандан бери билим берүү тармагында дагы маселелер жаралбай койгон жок. Былтыркы жылы пандемия шартына байланыштуу билим алуу аралыктан окутулуп, мектеп окуучулары үйдө олтуруп калышты. Быйылкы жылы окутуу кандай болору белгисиз. Окуучуну жаңы окуу жылына даярдоо, кыйын болушу мүмкүн. Анткени, үй-бүлөлүк бюджет чыгымга учурай турган кез. Ал эми мектеп жашындагы балдары көп ата-энелер үчүн убайым тарткан учур эми башталат.
Чынара Төрогелдиева: «Жаңы окуу жылында баланы окууга-билимге болгон кызыгуусун арттыру үчүн, ата-энелер жаңы окуу куралдарын сатып беришет. Бирок кээ бир төрт-беш баласы тең мектепке барган үй-бүлөлөрдүн чөнтөгүнө оорчулук келбей койбойт.
Мисалы менин мектеп жашында 3 балам бар. Учурда төрт баланы мектепке даярдоо биздин үй-бүлөгө оорчулук келтирбей койбойт. Мен балдар менен үйдө олтургандыктан жолдошум өзү даярдоого туура келет. Улуу балам Темирлан 6 класска барат, экинчи Уулум Айтегин 4-класска барат, кызым Каухар башталгыч класска барат. Ал эми кичүү кызымды болсо бала бакчага даярдаймын. Жолдошумдун жайлата тапкан каражаты мектепке даярдоо үчүн жумшалат. Былтыркы жылы аралыктан окугандыктан кийим кечекти өтө көп алган эмеспиз. Быйылкы жылы кандай болот белгисиз. Бирок баары бир алууга туура келет. Себеби, мен балдарды ар кандай окуу курстарга окутпасам толук билим алуу кыйын болуп калат экен. Барган сайын улуу баламдын сабактары оорлошуп барат өзүм 3 балага бирдей сабак өтүп жетише албаймын. Ошол үчүн кошумча сабактарга окутуум керек. Анын бардыгы бекер эмес акча турат. Андан көрөкчө кийим кечесин толуктап алып берип мектепке эле барып окуса сонун болмок.
Шухрат Ризоев:
Менин мектеп жашында бир балам бар. Август айында тапкан кирешемди баламды мектепке даярдаймын деп турамын. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйылкы жылы базар баасы кымбаттаганы баарыбызга маалым. Мисалы, бир эле окуучуну жаңы окуу жылына даярдоо үчүн керектүү заттарды болжол менен алганда төмөнкүлөр керектелет экен. Орто эсеп менен санаганда 20 000 сом керек деп ойлоймун. Аркы жумада уулумду эрчитип алып базарга барамын. Бул тизмени уулум экөөбүз чогуу түздүк.
1. Бул албетте, эң алды менен мектеп формасы. Костюм шымы, ак түстүү көйнөк галстугу менен.
2. Кийим-кече менен бут кийимдин да бир нечесин сатып алууга туура келет. Күнүмдүк мектепке арналган кийим жана спорттук кийимдер.
3. Сумка, окуу куралдары менен дептерлер. Сумкасы мүмкүн болушунча материалы чыдамдуу, бат кирдеп калбай турган сапаты жакшысын алыш керек.
4. Кеңсе товарлары: жок дегенде 10 даана көк калемсап (ручка), түстүү карандаш, кара карандаш 5 даана, өчүргүч, калем учтагыч, сызгыч (түрдүү көлөмдөгү 2 даана), пенал, дептерлер жана китептер үчүн тыш.
6. Сүрөт сабактары үчүн: акварель боёгу, боёкко арналган стакан жана кыл калемдер, гуашь, ак жана түрлүү-түстүү картон, түрлүү-түстүү кагаз, ПВА клейи, пластилин, кагаз кыркууга арналган кайчы, альбом жана башкалар. Ал эми кээде китептерин да сатып алууга туура келет.
7. Күндөлүк, атлас, контур карталары керек болот.
Кадырбек Эсекан уулу: «Мен №43 Кесиптик лицейде 2-курсунда «Ашпозчу» кесибинде окуймун. Жаңы окуу жылына даярданууга өзүм акча топтоп жатамын. Капуста отоого же чабууга талаага чыгамын. Күнө 500 же 600 сомдун тегерегинде акча табамын. Ата-энеме күч келтирбей өзүм кийинейин деп чечтим. Себеби, менден кийинки ини карындаштарымды дагы мектепке даярдоо керек.
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылы боюнча «Балдарыңыз мектепке даярбы?» деген суроону бергенде көпчүлүк ата-энелер акча каражаты жетишсиздигин, базар баасы кескин өскөндүгун айтышты. Ал эми 14-15 жаш курактагы өспүрүм балдар учурда эгин талаа жумуштарына чыгышып күнүнө 500 сомдун тегерегинде иштеп мектепке даярданып жатышкандыгын айтышты.
Турсун Омуралиева