Түп районуна караштуу Токтоян айылынын Коёнкөзов мектебинде класстар арасында спорт оюндары боюнча «Мен Ата-Мекенди коргоймун» аттуу мелдеш өткөрүлдү. Бул мелдеш келе жаткан 23-февраль мекенди коргоочулар күнүнө арналды.
Мелдешке 8-9-10-классынын окуучулары катышты. Алар спорт оюндары: чуркоо, күрөш, кол күрөш, аркан тартыш, граната ыргытуу, турникке тартылуу жана башка оюндар боюнча күч сынашты.
Аскерге чейинки даярдык сабагынан берген мугалим Кадыркул Асанбаев бул мелдештин биринчи гана баскычы экенин айтты.
“Бирок мелдеш али жыйынтыкталбайт. Себеби бүгүн спорт оюндары боюнча гана болду. Алдыда дагы аскердик жагынан мелдеш өткөрүлөт”, — деп билдирди Асанбаев.
Бул мелдешке атайын мугалимдерден түзүлгөн комиссия калыстык кылды. Мелдештин жыйынтыгы боюнча 10-классынын окуучулары биринчиде, 9-классынын окуучулары экинчиде, ал эми 8-классынын окуучулары үчүнчү орунда келе жатышат.
Коёнкөзов мектебинин 10-классынын окуучусу Сыймык Абдыкайыров:
“Бүгүнкү мелдеште классыбыз алдыга чыкты. Бирок бул мелдеш али жыйынтыктала элек. Алдыда 20-февраль күнү аскердик жагынан мелдеш өткөрүлөт. Мектепте 11-классынын окуучулар жок болгондуктан биз үч класс тең тайлаштык. Бүгүнкү ийгилигибиз класстын ынтымагынын жана биримдигинин аркасында келди”, — деп айтты Абдыкайыров.
Мелдеште 2-орунда бараткан 9-классынын окуучусу Майрамбек уулу Нургелди “Бүгүнкү мелдештин жыйынтыгы так жана туура бааланды. Биз учурда 10-класстан бир балл айырмасы менен 2-орунда турабыз. Мелдештин экинчи бөлүмүндө ийгиликке жетишебиз деген ойдомун” деп бөлүштү.
Даярдаган: Адилия Мундукова
ДО
Сынак үчүн