«Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөгү» мыйзамга ылайык Ноокат районуна караштуу Төрөбай Кулатов айыл аймагында Абшыр Ата жана Кызыл-Булак ветеринардык кызматтары иштеп жатат. Учурда айыл тургундары 350дөй бодо малды каттоодон өткөрүштү.
Бодо малдар идентификациялоодон өткөрүлгөндөн соң, мал ээлерине төмөнкүдөй
формадагы атайын жаныбардын идентификациялык кубөлүгү берилет.
Бул үчүн ветеринарлар Ноокат районунда болгон атайын «Мүйүздүү бодо малды идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча эки күндүк окуу-семинарына катышып, өздөрүнүн билимин тереңдетип келишкен.
Идентификациялоону баштоо үчүн жалпысы болуп Кулатов айыл өкмөтүндөгү мүйүздүү бодо малды идентификациялоого 2000 кулак биркасы келген. Айыл өкмөттүн ветеринардык адисинин маалыматы боюнча, айыл аймагы боюнча 4000ден ашуун мүйүздүү бодо мал бар.
Идентификациялоо мал ээсини эсебинен жүргүзүлөт. Бир баш бодо малга бирканын баасы 37 сом 76 тыйын, ал эми ветеринардык кызматкердин акысы 32 сом 24 тыйын болуп, жалпы 70 сомду түзөт.
Идентификациялоонун негизги максаты — адам фактору болгон тамак-аш коопсуздугун сактоо.
Мындан ары идентификацияланган мүйүздүү бодо малдын жашы, түсү, түрү боюнча аныкталып жазылып келечекте көзөмөлдөөгө, тактоого ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Ар бир биркаланган бодо мал компьютердик программага киргизилип катталат.
Бул долбоор Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жана Кыргыз Республикасындагы Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын негизинде ишке ашырылып жатат.
Даярдаган: Айтикан Эркинбек кызы
Редактору: Жанылай Толкунбек кызы
Сынак үчүн