Ноокат районуна караштуу Ак чал айылындагы Мурзакарим Кудайбердиев жатак лицейинде чет тил жумалыгы болуп өттү. Ага ар бир класстан жетиден окуучу катышып, иш-чара сынак иретинде өткөрүлдү.
Аталган лицейдин чет тил мугалими Айнагул Калилова бул жумалыкты уюштурган. Анын айтымында, иш-чаранын максаты тууралуу төмөнкүлөрдү белгиледи.
«Окуучулардын канчалык деңгээлде англис тилин билишээрин да байкадык. Бул жумалыкты өткөрүшүбүздүн максаты — окуучулардын билимин тереңдеттүү, чет элдик тилдерде эркин сүйлөө, достукка, ынтымакка чакыруу болду. Бул жумалык бир жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Жети топтун мыктыларына ар кандай белектер берилди», — деп айтып өттү Калилова.
Бул иш чарага катышкан 9-классынын окуучусу Өмүркан Маматова сынакка бир жума даярданганын айтат.
Өмүркан менен бир мектепте окуган Бакир кызы Гүлзаранын айтымында, мындай сынактар башка сабактардан да болуп өткөн. «Буга чейин физика, тарых, география сабактарынан болгон», — деди Гүлзара.
Даярдаган: Айтикан Эркин кызы
Редактору: Жанылай Толкунбек кызы
Сынак үчүн