Нылды айылында Ѳ.Израилов атындагы орто мектебинде окуучулар ысык тамак ичишүүдѳ.
Манас районундагы Нылды айылына таза суунун берилгенине бир нече жыл болду. Таза суу азыркы учурда Нылды айылындагы Ѳ. Израилов атындагы орто мектебинин ашканасына да киргизилген. Бул мектепке ысык тамак киргизүү үчүн башкы талап болуп эсептелинет . Ал эми ашкананын ремонтун «Бакубат Талас» фонду, эмеректерин болсо «Мерсико» толугу менен бүтүрүп берген.
Учурда «Мерсико» долборунун ата-энелерин жана мамлекеттин каражатынын жардамы менен башталгыч класстардын окуучулары ысык тамак ичишүүдѳ.
Даярдаган: Момункулова Сабира