Жаңы-Жер айылында COVID-19 илтетинин жайылып кетишинен улам былтыр 16-мартта мектеп окуучуларын карантинге тарашкан. Мектепте 1-класстын окуучуларынан башкасы аралыктан окуп жатышат. Окуучулар мектепти сагынды, бирок балдардын ден-соолугу баарынан кымбат.
Учурда мектеп окуучулары аралыктан окууга көнүп калышканы менен мектепти, бирге окуган классташтарын сагынышты. Уйдө олтуруп окуудан тажаган балдар кыш мезгили келгени ого бетер кызыксыз күндөрдү өткөрүүдө. Онлайн окутуунун тийгизген таасири ата-энелерге да көйгөй жаратууда.
Күнүмдүк турмуш тиричиликтеги балдардын тамак ашы, кышкыга үйдү жылуулук менен камсыздоого көмүр алуу, электр энергиясын төлөө сыяктуу чыгашалар ар бир үй-бүлөдө болсо керек. Мына ошол түйшүк ата-эне милдети болгондуктан тынбай иштеш керек. Жаңы-Жер айылындагы мектеп окуучулары жана ата-энелери арасында сурамжылоо жүргүзгөндө ар кандай ой пикирлерди айтышты:
Чынара Төрөгелдиева учурда балдар менен иштебей үйдө. Жолдошуна жардамдашуу үчүн үйдөн чыкпай, айыл тургундарына керектүү кийим кечек сатып соода кылат.
«Аралыктан окутууга менин балдарым бир топ кыйынчылыктар менен көндү. Сабакты үйдө өзүм даярдашам, себеби жолдошумдун колу жумуштан бошобойт. Ал иштебесе бизге кыйын да. Мен болсо, балдарым сабактан жетишпей калбасын деп иштебей үйдө олтуруп иштөөгө туура келди.
Эки уул эки кызым бар. Мектепте эки уулум окуйт. Улуусу Теңирберди 5-класста экинчи уулум Айтегин 3-класста. Эки балам бир эле телефон колдонот. Аралыктан окутуу балдардын психологиясына да таасирин берет экен. Кийинки убакта балдарым окууга көңүлдөрү келбейт. Эшикке чыккысы ойногусу келет, чыкса эч ким жок. Сабактан түшүнбөй калганда менден сурайт, мен түшүндүрүүгө аракет кылганым менен мугалимдик метод жок болгондуктан кыйналабыз.
Биздин убактагы окуу программасы өзгөрүлүп кеткенге өзүм деле жакшы түшүнө албай кайра баштан окуп чыгамын. Мектептен балдар билим гана албастан туура сүйлөөнү, туура олтурууну, убакытты бөлүштүрүүнү, туура жүрүш- туруш, кыскасы, этикалык тарбияны да алышат эмеспи. Балдарым азыр каалаган убакта уктайт, кеч турат кечке эмне кылышарын билбей калышат.
Тенирберди акыркы күндөрү мектепти сагынганын айта берет. Себеби, бирге окуган классташ досторунан алыс ойногусу, сүйлөшкүсү келет . Экинчи уулум Айтегин мектептин спорт аянтчасын сагындым дейт».
Теңирберди;
Телефон ойноп олтурган Теңирберди сөзгө аралашты:
«Мага мектептен окуган жагат, эжейлер жакшы түшүндүрөт же классташтар бири- бирибизге жардам беребиз. Мектептен убакыт бат эле бүтөт, үйдө апам кечке окута берет. Үйдө окуган кызыксыз, тажадым».
Нурбү эже математика сабагынын мугалими.
«Мен билим берүү тармагында иштегениме 39 жыл болду. Пржевальск педагогикалык институтунун математика факультетин бүтүргөм. Жаңы-Жер айылында математика мугалими болуп эмгектенем.
Менин жеке оюм боюнча онлайн режиминде окутууга биздин өлкө даяр эмес деп ойлоймун. Мамлекеттин экономикалык абалын өзүңөр деле билесиңер. Анын кесепети социалдык жактан көп үй-бүлөөлөрдү жабыркатты.
Мисалы, кээ бир көп балалуу үй- бүлөлөрдүн балдары үчүн телевизор, телефон же бирдик жок интернет менен камсыздалган эмес. Ата-энесинин телефонун колдонгон балдар кечке алар жумуштан келгенче күтүшөт.
Балдарга сапаттуу билим бергенге аракет кылганыбыз менен окуучулардан кайтарым байланыш аз. Башка сабакты билбейм, математика сабагын түшүнө албаган ата-энелер бар. Алар балдарына кантип жардамдашат. Жашым өткөндө бир телефонду кечке чукулап отуруп көзүм да начарлап кетмей болду. Мага андан көрө тикемен тик туруп досканын алдында сабак өткөнүм жакшы болуучу.
Балдарга да жеткиликтүү түшүндүрөсүң. Балдардын ден-соолугу биринчи жоопкерчиликте болгондуктан, айла жок колдон келген аракеттерди кылып жатабыз. Окуучулар кээде чалышат “Качан окуйбуз эже?” деп, илдеттен кутулалы чыдагыла деп айтам.
Чындыгында, өлкөдө пандемиядан улам балдардын ден-соолугунун жоопкерчилигине эч ким кепил боло албайт эмеспи. Ал үчүн ата-энелерге жана мугалимдерге чыдамкайлык каалаймын. Окуучулар силер да туура түшүнүү менен аракет кылгыла».
Кесиптик билим берүүдө дистанттык окутууну жайылтуу керек
Турсун Омуралиева