Өлкөдө элет жерин өнүктүрүү үчүн көптөгөн иштер жасалганы менен андагы эң маанилүү көйгөйлөр көз жаздымда калып келет. Биз бул жолу элет жериндеги аялдарды кыйнаган көйгөйлөргө токтолуп, тиешелүү адистердин оюн угабыз.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак 2019-жылы 49 431 үй- бүлө баш кошкон болсо, ошол эле жылы 10 992 үй бүлө эки ажырым жолго түшкөн.
Бардык эле түзүлгөн жубайлык биримдиктер бекем сакталбайт. Алардын дээрлик ар бир бешинчиси ажырашышат: айыл жеринде 1000 никеге 154 ажырашуу туура келет. Анын себептерин сюжеттин жүрүшүндө угуңуз.
Үй- бүлө ажырашкандан соң ортодо балдарды тарбиялап, аларды багуу маселеси турат. Элет жериндеги аялдар көп учурда балдарды жалгыз бой тарбиялап, алимент да ала албай жүргөнүн кездештирүүгө болот. Бул нерсе элеттик айымдардагы эң чоң көйгөй.
Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова алимент тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилегелеп чыккан. Ушул жылдын август айында президент кол коюп, мыйзам күчүнө кирген.
“Эгерде бала менен ошол камкор ата-эне батирде жашаса анда экинчи ата-эне ага 50% төлөм кылууга милдеттүү. Эгерде бала ооруп калса ооруканага жумшалган каражатка да экинчи ата-эне 50% өлчөмдө жардам бериши керек.
Бала жогорку окуу жайда контрактык негизде окуган болсо анда анын да 50% экинчи ата-эне төлөп берет. Бизде бир айда 200-300 сом алимент алгандар бар эле. Азыр мыйзамда эң минималдуу алимент төлөмү 1850 сом болуп саналат. Мыйзамга мына ушундай, укуктарды коргой алган жаңы пунктар киргизилген. Бул маселеде элет жериндеги айымдардын абалын оор деп айтсак болот. Укуктук билимдин аздыгынан же башка себептер менен сотко арыз жазбай, алимент ала албай жүргөн айымдар бар, тилеке каршы”.
Дал ушул алимент төлөөгө, ажырашууга үй- бүлөдөгү түшүнбөстүктөр, уруш-талаш, анын арасында зомбулук себепкер. “Сезим Кризистик” Борборуна жүздөгөн элеттик айымдар жардам сурап кайрылат. Ажырашууга экөөнүн ой-пикирлеринин туура келбеши, турмуш шарттын оордугу, жумушсуздук, ичкиликке, кумар оюндарына көз карандылык себеп болот дейт кризистик борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова:
“Ажырашкан соң алимент төлөбөй чет өлкөгө кетип калган учурлар бар. Андан тышкары, бизге жакында эле айыл жергесинен бир келин кайрылды. Учурда күйөөсү менен ажырашып, 8 баласы менен төркүнүндө жашайт. Эми алимент төлөтөйүн десе жолдошу бардык мал-мүлкүн ата-энесине туугандарына каттатып коюптур. Биздин уюм келинге жардам көрсөтөлү деп жатабыз. Бул бир эле мисал”.
Ажырашууларды азайтуу, үй- бүлөдөгү пикир келишпестикти токтотуу, зомбулукту алдын- алуу үчүн Бишкек шаарында “Эркектер зомбулука каршы” атайын коомдук фонду бар. Бул фонд 2015-жылы түзүлгөн. Анын негизги максаты үй- бүлөдөгү көйгөйлөрдү, зомбулукту жокко чыгаруу.
“Зомбулука аралашкан (зомбулук жасаган) адам менен иштейбиз. Бизде жүрүм- турумду оңдоо үчүн атайын тренингдер, окутуулар болот. Ошол адам менен иштей турган атайын максаттар бар. 6 ай бою ыкмалардын негизинде үй- бүлөдөгү маселелерди зомбулук колдонбой чечүү жолдорун, коммуникация аркылуу пикир келишпестике барбоону окутабыз.
2015-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 300 жакын адам биздин окууну бүтүрүштү. Анын дээрлик 99% жүрүм турумун оңдоп, үй- бүлөсүнө салым кошуп, жакшы тарапка өзгөрүшкөн. Бул тууралуу бизге ошол адамдарды атайын бизге жиберген кризистик борборлор, соц.кызматерлер, психологдор атайын маалымдап турушат”.
Режиссердун кыялы: Айымдардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга салым кошкусу келет
Зыйнат Самар кызы