Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы 13 үй-бүлөгө долбоорлордун негизинде карагаттын көчөттөрү отургузулуп, тосмолору менен тосулуп берилди.
Бул иш-чара эки долбоордун алкагында ишке ашкан. Биринчиси ИСУР фондунун каржылоосунда «Чыны карагат» долбоорунун негизинде аткарылса, экинчиси Ага Хан фондунун жардамы менен «Көөнөрбөс мурас» фонду ишке ашырды.

Ар бир үйгө 30 түптөн карагат, тосмосу менен берилди
Тандалган 13 үй-бүлөгө 30 түп карагаттар отургузулуп, айланасы малдан коруш үчүн тосмо менен тосулуп берилген. Долбоордун негизги максаты- үй-бүлөлүк багбанчылыкты өнүктүрүү жана ал аркылуу жапайы жаратылышты сактап калуу.

Алгач үй-бүлөлөр менен жолугушуулар болуп, долбоордун максаты менен таанышышкан жана аларга карагат отургузуу боюнча тренингдер өткөзүлгөн
Аталган долбоорлордун жетекчилеринин бири Бегайым Мурзалиева:
«Албетте биринчи кезекте үй-бүлөлүк багбанчылык киреше алып келиши керек. Карагаттын баасы жылда туруктуу келет жана Ат-Башы районунун климатына ылайык келип, көп жылдап түшүм берет. Бирок долбоордун максаты терең. Баарыбыз билгендей тоонун карагаты жылдан жылга азайып келе жатат, эгерде ар бир үйдө карагат өсүп турса эч ким аны барып кыйбайт жана албетте, ар бир үй-бүлө карагат кошулган азыктарды жеп турса, витамин С менен камсыз болмок. Бул нерсе тамак-аш коопсуздугун алдын алмак. Андыктан биз жөн гана отургузуп койбостон, жаратылышты сактоого, карагаттан азыктарды жасап, туура тамактанууга үндөгөн долбоорду ишке ашырып жатабыз»,- деп билдирди.

Ар бир үй-бүлө карагат айдаса, тоодогу карагатка чыкмак эмес
Ат-Башы району көмүр алууга кезексиз киргизилүүдө
Асель Уркунбаева